80 окуучу артыкчылык аттестатын алары маалым болду. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.
2021-2022-окуу жылында “Алтын тамга” жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестациянын жыйынтыгы боюнча 80 бүтүрүүчү артыкчылык аттестатын алуу укугун ырастады.
Алар:
Баткен облусу — 3 окуучу
Бишкек шаары — 37 окуучу
Жалал-Абад облусу — 11 окуучу
Нарын облусу — 1 окуучу
Ош шаары — 3 окуучу
Ош облусу — 15 окуучу
Талас облусу — 3 окуучу
Чүй облусу — 1 окуучу
Ысык-Көл облусу — 6 окуучу