«Ким дарыгер кызга үйлөнсө 50 миң сом». Таласта жаш жубайлар сүйүнчү акча алышты (видео)

Ким дарыгер кызга үйлөнсө, сүйүнчү пул беребиз дегенбиз. Бул тууралуу президенттин Талас облусундагы өкүлү Бакытбек Нарбеков коллегияда билдирди. «Жарым жылдын ичинде Манас районунун Чоң-Капка айылынын тургундары баш кошушту. 50 миң сом сүйүнчүсүн берип жатабыз», — деп ал түгөйлөргө сертификат тапшырды.

Президенттин Талас облусундагы өкүлчүлүгүнүн маалымат кызматынан дарыгерлердин жетишсиздигин ушундай жол менен чечүүнү көздөп жатканын билдиришти. «Биздин облуста жогорку квалификациялуу дарыгерлер жетишсиз. 100дөн ашык вакансия бар. Бул маселени чечүү үчүн жетекчилик жарым жыл мурун облуска башка облустан дарыгер келин алып келе тургандарга 50 миң сомдон төлөп берүүнү убада кылган», — дейт Бакай Садыров.

Сүйүнчү акчаны алган тургундун жубайы Назгүл Жолдубай кызы невропатолог болуп иштейт. Ал жакында турмушка чыгып, Таласка көчүп кеткен.