«Ким күчтүү экенин далилдемек». Караколдо мушташып жаткан окуучу кыздардын видеосу тараган

Социалдык тармактарда Караколдо мушташып жаткан окуучу кыздардын видеосу тараган. Билим берүү жана илим министрлиги окуя боюнча үн катты.

Маалыматка караганда, видеодо Каракол шаарындагы №11 гимназия мектебинин 8-10-класстарынын окуучу кыздарынын мушташы тартылган.

«Окуучу кыздардын мушташы болжолдуу 20-октябрда болгон. Мектепке бул тууралуу маалымат 16-ноябрда түшкөн. Каракол шаардык билим берүү бөлүмүнүн маалыматына ылайык, окуучу кыздар самбо боюнча кошумча ийримге барышат. Машыгуулар учурунда кыздар түртүшө кетип, өз ара келишпестиктер келип чыккан. Мындан улам кыздар жолугуп, самбодо ким күчтүү экендигин далилдемек болушкан. Бул окуяга байланыштуу окуучу кыздарга алардын ата-энелери менен биргеликте түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Соцпедагогдор, класс жетекчилер, укук коргоо органдарынын кызматкерлери, тренерлер тарабынан тиешелүү иш-аракеттер жасалууда. Учурда кыздардын ортосунда келишпестиктер жок», — дешти.