«Кимдин кафеси? Бакиевдердикиби?». Ташиев Жалал-Абаддагы кафенин жерин мамлекетке кайтарууну талап кылды

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Жалал-Абад шаарындагы «Курманбек» стадионуна мурда тиешелүү болгон жер тилкесин кайтарууну тапшырды. 

«Бул кимдин кафеси?» деп сурады Ташиев стадиондун директорунан аймакты кыдырып жүрүп. «Бакиевдердикиби?» деп тактады төрага. 

Ташиев сотко кайрылып, жерди кайтарууну тапшырды.