Кинодогудай унаалардын жарышы үчүн бир нече жыл мурда жабылып калган ашуу тазаланып ачылды

Транспорт министрлиги MadWay Rally жарышы үчүн ашуу тазалап, жол ачты. Бул тууралуу министр Тилек Текебаев соцтармактагы баракчасына жарыялады.

«Өзгөчө жолтандабастардын жарышы үчүн бир нече жыл мурда жабылып калган Проходной ашуусунун жолу тазаланып, ачылды. Аталган ашуу аркылуу өткөн Өрнөк — Көк-Ойрок унаа жолун тазалоо иштери 1-июнда башталып, “Кыргызавтожол” ишканасынын Ысык-Көл филиалынын кызматкерлеринин тынымсыз аракетинин натыйжасында 25инде жыйынтыкталган. Аталган жол мындан 25 жыл мурда ашар жолу менен салынган. Бирок жайы-кышы кар жатып, көчкү көп түшкөндүктөн жол кайрадан жабылып, унаа кыймылы токтотулган», — деп жазылат билдирүүдө.

Кечээ, 1-июлда президент Садыр Жапаров MadWay Rally эл аралык долбоорунун катышуучулары менен жолугушкан.