Киров суу сактагычына 27 жаштагы жигит чөгүп кетти

Кара-Буура районунун  Кызыл-Адыр айылында Киров суу сактагычына 1994-жылы туулган жигит чөгүп кетти. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Жерине издөө иштерин жүргүзүү үчүн 3 куткаруучу тартылып, саат 20:47де маркумдун жансыз денеси суудан табышып, ИИМдин кызматкерлерине өткөрүп беришкен.