Киши колдуу болбогон учурда өлүктү союуга каршы мыйзам сунушталды

Киши колдуу болбогон учурда өлүктү союуга каршы мыйзам сунушталды. Мыйзам коомдук талкууга коюлду. Анын демилгечиси депутат Лейла Лурова.

«Өлгөн адамдын киши колдуу өлүмүнөн шек саналбаса, анын үй-бүлө мүчөлөрүнүн, жакын туугандарынын же мыйзамдуу өкүлүнүн жазуу жүзүндөгү арызы, же болбосо өлгөн адамдын тирүү кезинде өзүнүн билдирген эрк мүдөөсү болгон учурда, ага патологиялык-анатомиялык союу жүргүзбөө мүмкүнчүлүгүн аныктайт. Патологиялык-анатомиялык союуну милдеттүү түрдө жүргүзүү тартиби жана учурлары саламаттыкты сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы тарабынан аныкталат. Өлүм – бул ар бирибизди күтүп жаткан нерсе. Адам өлгөн учурда, башка адам капага батып, куса болуп, жашоосундагы түрдүү бюрократиялык аракеттерди ойлонгусу да, аларга убакыт короткусу да келбей калат.

Ошондуктан демилгеленген мыйзам долбоору менен маркумдун киши колдуу болуп өлгөнүнөн шек саналбаган учурда, өлгөн адамдын үй-бүлө мүчөлөрүнүн, жакын туугандарынын же мыйзамдуу өкүлүнүн жазуу жүзүндөгү арызы же болбосо өлгөн адамдын өзүнүн ал өзү тирүү кезинде билдирген эрк мүдөөсү болгон учурда гана патологиялык-анатомиялык союуну  жүргүзбөө мүмкүнчүлүгүн берген бюрократиялык ченемди алып салуу сунушталат», — деп айтылат маалыматта.