Киши колдуу болгон маркумдун фотороботу. Милиция өздүгүн тактоого жардам сурайт

Милиция кызматкерлери Москва районунун Ак-Суу капчыгайында табылган маркумдун аты-жөнүн тактоо аракетин көрүп жатышат. Чүй ОИИБдин басма сөз кызматынын маалыматы боюнча, ысымы Арапбай деп болжолдонгон маркум 55-60 жаштар чамасында. Анын сөөгү 10-июлда саат 09:00 чамасында Жорголот жайлоосунда табылган.

Москва РИИБдин милиция кызматкерлери шектүүнү издеп жатышат. Ошондой эле маркумдун аты-жөнүн тактоо үчүн жарандардан жардам сурайт. Байланыш номуру: 0 (707) 54-21-71, 0 (550) 22-17-17, 0 (551) 35-53-17, 0 (702) 00-78-79.

Фотороботу жарыяланган маркумдун бою 165-170 см чамалуу, көк түстөгү спорттук күрмө (толстовка), кызыл боосу бар, боз түстөгү спорттук бут кийим кийип жүргөн.