Клара Сооронкулова: «ИИМ саясатчыларды тыңшайт. Тизмеде 100дөн ашуун адам бар»

Саясатчылар жана юристтер конституциялык укуктарды одоно бузуу боюнча президент Садыр Жапаровго кайрылышты.

Конституциялык палатанын мурдагы судьясы Клара Сооронкулова тараткан маалыматка караганда, 6-январда Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунун тергөө судьясы Чыңгыз Бердимуратов 100 чакты жарандын телефондорун тыңшоого уруксат берген токтом чыгарган. Соттук актыга ИИМдин тергөө кызматынын башчысы А.Жумабаевдин токтому негиз болгон. Ал телефон сүйлөшүүлөрдү тыңшоого уруксат сурап, тизмедеги жарандардын 2020-жылдын 5-октябрында болгон, анын ичинде Ак үйдү басып алууга байланышкан сотко чейинки өндүрүш иштерине катышы бар экенин билдирген.

Юристтер белгилегендей, тергөө сунуштаган тизмеде президенттикке оппозициялык маанайдагы талапкерлерден тышкары Октябрь окуясына эч кандай тиешеси жок адамдар бар. Мисалы, Нурбек Токтакунов, Сания Токтогазиева, Таттыбүбү Эргешбаева жана башкалар. Тизмеде саясатчы жана жарандык активисттерден төмөндөгүлөр бар: Абдил Сегизбаев, Алмаз Үсөнов, Курсан Асанов, Мурадыл Мадеминов, Адахан Мадумаров, Клара Сооронкулова, Канат Исаев, Каныбек Иманалиев, Руслан Акматбеков, Равшан Жээнбеков, Кундуз Жолдубаева, Темирлан Султанбеков, Тилекмат Кудайберген уулу, Улан Үсөйүн уулу, Дастан Бекешев, Рита Карасартова, Бектур Асанов.

«Тыңшоо 6-январдан 10-февралга чейин президенттик шайлоого жана референдумга үгүт учурунда жүргүзүлгөн. Тизмедегилердин көбү активдүү жарандык позицияны карманышкан жана жаңы Конституциянын кабыл алынышына каршы үгүт жүргүзүшкөн. Бердимуратов кылмыш ишин текшербей туруп, ал жарандардын тергөөдөгү фактыларга тиешесин териштирбестен токтом чыгарган. Тергөөчү А.Жумабаев жок кылмыш иши боюнча токтомду ойлоп тапкан», — деп айтылат маалыматта. 

«Биз президенттен конституциялык укуктарыбыздын гаранты катары бул фактыга тиешеси бар бардык чиновниктерди жоопко тартуу үчүн чечкиндүү чараларды көрүүсүн талап кылабыз. Ички иштер министри Улан Ниязбековду тез арада кызматынан алуу керек. Ички иштер министрлигинин жетекчилери жана тергөөчүлөрү, биринчи кезекте А.Жумабаев, судья Чыңгыз Бердимуратов жоопко тартылышы керек. Башкы прокурор Курманкул Зулушев толук аракетсиздиги үчүн кызматынан алынышы керек”, — деп айтылат кайрылууда.

Бул кайрылууга Нурбек Токтакунов, Рита Карасартова, Сания Токтогазиева, Таттыбүбү Эргешбаева, Өндүрүш Токтонасыров кол койгон.