«6-октябрда мамлекеттик төңкөрүш болду». Клара Сооронкулова ИИМге суракка чакыртылды

«Реформа» партиясынын лидери Клара Сооронкулова Ички иштер министрлигинин тергөө кызматына суракка чакырылды. Бул тууралуу ал Facebook баракчасына жазды.

Сурак өткөн жылдын октябрь айындагы башаламандык боюнча козголгон кылмыш ишине байланыштуу экени айтылды. Клара Сооронкулова суракка күбө катары чакыртылган. «2020-жылдын 5-6-октябрындагы башаламандыктарды териштирүү улантылып жатат. Бул окуяларга жана анын кесепеттерине юридикалык баа берилет деп ишенем. 6-октябрда мамлекеттик төңкөрүш болду деп күбө болууга даярмын», — деп жазган ал.

2020-жылдын 5-6-октябрында парламенттик шайлоонун жыйынтыктарына каршы митингдер өткөн. Ал  башаламандык менен коштолгон. 6-октябрда БШК шайлоонун жыйынтыгын жараксыз деп таап, жокко чыгарууга аргасыз болгон. Митингдер бийликтин алмашуусуна алып келген.