Клара Сооронкулова: «Кыргызстан Орусияны колдосо, дүйнөгө уят болушубуз мүмкүн»

Бүгүн, 28-февралда Орусиянын Кыргызстандагы элчилигинде Украинаны колдогон митинг өтүп жатат. Митингге Конституциялык соттун мурдагы судьясы Клара Сооронкулова да келди.

«Жакын арада БУУнун ассамблеясы болот. Ошол жерде БУУнун мүчөлөрү добуш бериши керек. Ошондо Кыргызстандын позициясы дүйнө жүзүнө анык билинет. Мисалы, Крым боюнча Кыргызстан «ооба» же «жок» дебей, карманган. Эгер дагы ошондой болсо, анда бийликке алкыш болмок. Дүйнө жүзү Владимир Путинге каршы чыгууда, ага колдоо керек болот. Ушундайда Кыргыз бийлигине кысым болушу мүмкүн. Ошонун негизинде Орусияны колдошу ыктымал. Ошондо уят болуп калышыбыз мүмкүн», — деди ал.