«Клооп багынбайт!» Клооп сайтынын бөгөттөлүшүнө каршы редакция үн катты

«Клооп» макаланы өчүрбөйт. Коркутууларга карабай, бийликтин адилетсиздигине каршы күрөшөт». Бул тууралуу кайрылууну «Клооп» сайты жарыялады.

«Клооптун» Маданият министрлигинин сайттагы материалдардын бирин өчүрүү талабына каршы доосу четке кагылды. Мекемеден макаланы өчүрбөсөңөр «Клооптун» сайты толугу менен бөгөттөлөт деген эскертүү берген болчу. Биз эч нерсени өчүрбөйбүз. Аталган жаңылыкта кандайдыр бир такталбаган маалымат бар деп эсептебейбиз. Биз ымалага келүү боюнча бир дагы сунушка, айрыкча жабуу жана бөгөттөө боюнча эч бир коркутуп-үркүтүүгө багынбайбыз. Кыргызстандын элин маалымат менен камсыздоонун көп жолун табабыз. Бизди бардык каналдарыбыздан окуп жана көрө аласыз», — деп жазылган редакциянын кайрылуусунда.