КММАда ректорду шайлоо аяктап, Индира Кудайбергенова эң көп добуш алды

Иса Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясында ректорду шайлоо аяктады. Бул тууралуу аталган окуу жайдан билдиришти.

Маалыматка караганда, добуш берүүгө 792 кишиден 731 киши катышкан. Азыркы ректор Индира Кудайбергенованы 698 адам колдосо, 33ү каршы добуш берди.

Аталган кызматка төрт адам талапкерлигин көрсөткөн: медицина илимдеринин доктору, профессор Зиябидин Айдаров, медицина илимдеринин доктору, профессор Индира Кудайбергенова, медицина илимдеринин доктору, профессор Эркин Алымбаев, медицина илимдеринин доктору, профессор Жолдошбек Шаршенбиев.