КМШ өлкөлөрүнүн президенттери Астанада кандай унаалар менен жүрдү?

Астанадагы кеңештин жыйынына КМШ өлкөлөрүнүн лидерлери кандай унаада келишкенин казак басылмалары көрсөтүштү.

Видеодо Азербайжандын президенти Илхам Алиевдин Maybach 62S же Maybach Guard деп аталган унаанын брондолгон версиясы менен келгени көрүнүп турат. Maybach 62S биринчи жолу 2006-жылы Пекин автосалонунда көрсөтүлгөн. 

Орусиянын президенти Владимир Путин Aurus Senat лимузининен түштү. Aurus Senat унаасынын корпусу жана айнеги жарандык унаалар үчүн максималдуу VR10 стандартына ылайык брондолгон. Путин өз унаасын дайыма жанында алып жүрөт. Бул коопсуздукка байланыштуу.

Армениянын премьер-министри, ошондой эле Түркмөнстандын, Өзбекстандын, Кыргызстандын, Тажикстандын жана Беларустун президенттери Mercedes-Benz Maybach S-Class үлгүсүндөгү унаалардын ар кандай версияларынан түшүп баратканын көрүшкөн. Эл аралык люкс унаа дүйнөлүк коомчулуктун алдына 2017-жылдын апрель айында Шанхайдагы эл аралык автосалондо көрсөтүлгөн.