«Көбүбүз сойкубуз». Сойку делген кыз-келиндердин бети ачык сүрөттөрүнө соцтармак кандай реакция кылды?

Кечээ, 27-ноябрда УКМК Бишкек шаарында жана Чүй облусунда бир нече сойкуканада 130дан ашуун кыз-келиндердин аныкталганын маалымдап, пресс-релиз менен кошо алардын бети ачык көрүнгөн сүрөттөрүн, паспортторун кошо жарыялады.

Бул коомчулуктун көз жаздымында калган жок. Соцтармактын колдонуучуларынын көбү кыз-келиндердин сүрөтү ачык көрсөтүлгөнүнө нааразычылыгын билдиришүүдө. Бирок сабак иретинде алардын сүрөтү жашырылбай берилгенин колдогондор да бар.

Адатта жогорудагыдай маалымат укук коргоо органдары тарабынан берилген учурда кармалган жарандардын көзү жашырылып, аты-жөнүнүн бир гана баш тамгалары жазылат.