Кочкор-Атада бир топ жылдан бери  2 мектептин курулушу чечилбей жатат

Кечээ, 3-февралда Жогорку Кеңештин «Ата-Журт Кыргызстан» фракциясынын лидери Бактыбек Сыдыков Ноокен районунун жетекчилиги баштаган айыл өкмөт башчылары менен жолугушту. Ага тармактык министрликтердин жана мекемелердин жетекчилери да чакырылып, Ноокен районундагы көйгөйлөрдү жергиликтүү жетекчилерден угушту.

Эл өкүлү Бактыбек Сыдыков райондогу эң олуттуу маселелерди министрлер менен бетме-бет талкуулап алуу үчүн атайын ушул жолугушуу уюштурулганын белгилеп, жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө сөз берди.

Кочкор-Ата шаарынын мэри Алтынбек Жумаев бир топ жылдан бери 2 мектептин курулушу чечилбей жатканын билдирди. Тагыраагы, Кочкор-Ата шаары 1957-жылы түптөлүп, ошондон бери бир да мектеп салынган эмес. Ал эми калктын саны жыл сайын өсүп баратат. Эл өкүлү Бактыбек Сыдыков Орусиядан келе турган гранттын эсебинен көп улуттуу Кочкор-Ата шаарына мектеп куруу зарылдыгын айтып, Билим берүү жана илим министри Уланбек Мамбетакуновго кайрылды.

Ал эми Кара-Булак айылындагы мектепте эч качан спорт зал болбогондуктан, аталган тоолуу айылда спорт зал куруу керектигин айыл өкмөт башчысы өтүндү.