Кочкор-Атадагы «өзгөчө» балаты талкууга жем таштады

Кочкор-Ата шаарынын тургуну жаңы жылдык балатынын сүрөтү менен бөлүштү. Анын айтымында, балаты жасалма газондон жасалган.

Ал эми соцтармак колдонуучулары балатыны сынга алышты. Айрымдары «балаты өзүнүн абалын көрүп ыйласа керек» дешсе, кээ бири «бул балаты мага баса алгандай эле көрүнүп жатат, муну менен Кочкор-Ата шаарынан качып кетпесе деп турам» деген ойлорун жазышууда.