Жалал-Абаддагы Кочкор-Ата шаарындагы балаты 42 миң сомго жасалгаланды. Бул тууралуу журналисттерге шаардык мэриянын спорт, туризм жана жаштар саясаты боюнча адиси Мыйзамбек Акматалиев билдирди.
Анын айтымында, учурда шаардыктар жандырылган балатыга келип, сүрөткө түшүп жатышат. Жаңы жыл күнү калаа тургундарына концерт уюштурулат.
Буга чейин Кочкор-Ата шаарынын тургуну жаңы жылдык балатынын сүрөтү менен бөлүшкөн. Ал балаты жасалма газондон жасалганын айткан. Балаты соцтармак колдонуучулары тарабынан сынга алынган.