Кочкордо коркутууга кабылган карыя медициналык көзөмөлдөн өттү

Буга чейин Кочкор районунун 67 жаштагы тургуну Абдыжапар Мамытов аттуу аксакалды автоунаага салып алышып, «талаадан, мүрзөдөн өлтүрөбүз» деп, коркутушкан жарандардын тасмасы социалдык тармакта тараган эле. Карыянын бир тууган карындашы Айнура Мамытова СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине берген маалыматында агасы катуу коркуп калгандыктан түнү уктай албай чыкканын айткан. Бүгүн эртең менен Кочкордогу ооруканага алып барышканда карабай коюшканын кошумчалаган эле.

Буга байланыштуу Кочкор районундагы оорукананын башкы дарыгерге байланышканда, ал окуяны мындайча түшүндүрүп берди: “Эртең менен карыя эмес, карындашы өзү келип абалы боюнча айткан. Биз бейтапты көрбөй туруп тыянак чыгара албайбыз. Карыянын өзүн алып келүүсүн айтып жибергенбиз. Андан кийин үйүнө дарыгерлер барып, атаны алып келишти. Карыя өзү тубаса экинчи топтогу майып. Абалы жакшы, ооруканага жатканга себеп деле жок. Туугандары да ооруканага жаткыруудан баш тартышты. Ага карабай, бир-эки күн терапия бөлүмүндө дарыгерлердин көзөмөлүндө болот”.