Кочкордо орто мектептин жаңы имаратынын ачылышы өттү

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Нарын облусуна жасаган жумуш сапарынын алкагында Кочкор районунун Кара-Тоо айылындагы Ш.Абдылдаев атындагы орто мектептин жаңы имаратынын ачылышына катышты.

«2020-жылы курулуш башталып, мына бүгүн дээрлик 80 миллион сом сарпталып 275 орундуу мектеп болуп бүттү. Убагында эң мыкты сабак берип элдин алкышын алган Абдылдаев Шарыпбектин ысымы коюлган бул мектеп айылдын көркүн ачып, илим менен билимдин ордосу катары көптөгөн жакшы жаңылыктын себеби болоору шексиз», -деген МинКаб башчысы элеттиктерди жаңы мектептин ачылышы менен куттуктады.

Андан аркы сөзүндө МинКаб башчысы өлкөдө жүрүп жаткан реформалар анын ичинде билим берүү тармагын өнүктүрүү боюнча көрүлүп жаткан аракеттер туурасында айтып берди. Ошондой эле МинКаб башчысы Камбар Ата ГЭС-1 курулушу жана Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруу боюнча мега долбоорлорго токтолду.

«Мамлекетибиз туруктуу өнүгүү жолуна түштү. Өнүгүү-өзгөрүүлөр мындан да көп болот», — деп Акылбек Жапаров сөзүн жыйынтыктады.

Андан соң МинКаб башчысы Кочкор районунун Кочкор айылындагы 500 орундуу И.Арабаев атындагы мектеп-гимназиянын жаңы имаратынын курулушун жана Жаңы-Жол айылындагы спорт комплекстин курулушун баштоого мезгил кутучасын салды.