Кочкор районундагы Ормон-Хан айыл аймагынын Кочкор айылына элдерге бир жерден кызмат көрсөтүү максатында чоң имарат салынат. Бул тууралуу Мамкурулуштан билдиришти.
«Мамкурулуш агенттигине караштуу Шаар куруу жана Архитектура департаментинин Кочкор райондук шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгы тарабынан, Кочкор районунун Ормон-Хан айыл аймагынын Кочкор айылына элге бир жерден кызмат көрсөтүү максатында, айрым мекемелерди бир имаратка чогултуу максатында чоң бир имараттын эскиздик долбоору иштелип чыкты», — деп айтылат маалыматта.