Көчмөндөр оюндары: Депутат Мамасадыков Ирлан Казбек уулу менен жолукту

Жогорку Кеңештин депутаты Замирбек Мамасадыков Астана шаарында өткөн V дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында Алыш күрөшү боюнча 1-орунду ээлеген балбан Ирлан Казбек уулу менен жолукту.

Эл өкүлү чемпионду куттуктап, өз белектерин тапшырып, ар бир спортчунун ийгилиги үчүн кубанаарын жана мындан ары да спортчуларга шарттарды түзүүгө аракет жасарын билдирди.