«Көчөдө калабыз деп коркобуз». Бишкекте митинг болуп өттү

Бишкекте жер тилкелерин мыйзамдаштыруу талабын койгон жарандар митинг өткөрүштү. 

Митингге чыккандар Сүйүмбаев, Осмонкул, Москва жана Манасчы Сагынбай көчөлөрү менен чектешкен аймактын тургундары. Митингдин катышуучулары борбордун башкы планын кайра карап чыгууну да талап кылышууда.

Алар колдоруна «Көчөдө калабыз деп коркобуз», «80 жылдан бери ушул жакта жашасак да, үйүбүзгө ээлик кылбайбыз!», «Кызыл китептерди бергиле!» деген жазуулары бар плакаттар менен чыгышты.