Көчөдөн табылган балакай апасына берилбейт. Келин балдарын таштоо ниети менен балдар үйүнө келип кеткен

Кечээ, 12-апрелде Бишкектин 3-кичирайонундагы №19 үйдөн табылган баланын апасын милиция кызматкерлери таап келди. Бул тууралуу Kaktus.media жазды. 22 жаштагы келинди Бишкектеги балдарды жана үй-бүлөлөрдү калыбына келтирүү борборунун кызматкерлери таанып калышкан. Ал буга чейин 2 баласын өткөрүү ниети менен мекемеге келип кеткен.

«Кечээ саат 15:00 чамаларында бул келин 4 жаштагы кызы жана бул уулу менен бизге келип кеткен. Ал балдарын балдар үйүнө таштап кетүүнү каалаган. Социалдык кызматкер каяктан келгенин сураганда, Беловодское айылынан деген. Айтымында, жашоосу оор болуп, балдарын бага албай жатыптыр. Биздин кызматкерлер сурашса, жанында эч документ жок экен. Келинге балдарды бизге калтырыш үчүн эмне кылышы керек экенин түшүндүрүп, Октябрь районунун социалдык коргоо башкармалыгына жөнөтүшкөн», — деп айтып беришкен мекемеден.

Кызматкерлердин айтымында, аял документтерди алып келүүнү убадалап, бирок ошол боюнча келген эмес. Баласын кечинде милиция кызматкерлери алып келген. «Баланын апасынын айтымында, шаарга ага үйлөнүүнү убада кылган таанышына келген. Бирок ал кайра  жолугушуудан баш тартып, телефонун өчүрүп койгон. Аял шаарды билбей, адашып калган. Ал ортодо кызы менен кетип, баласын жоготуп алган. Кийин айылдагы апасына кетип калган», — дешти ал жактан.

Маалыматка караганда, аял оор турмушта жашайт. Баланы балдар үйүнө өткөрүп берүү ниети болгон үчүн аялга баласы кайтарып берилбейт.