Көчөнүн ортосунда бычак менен өз өмүрүнө кол салган жигит куткарылды (видео)

Бишкек шаардык Милициянын кайгуул кызмат башкармалыгынын кызматкерлери өз өмүрүнө кол салган жигитти куткарышты. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.

Бишкек шаарынын Манас менен Айни көчөлөрүнүн кесилишинде бычак көтөргөн жигит жүргөндүгү тууралуу маалымат түшкөн.

Кызматкерлер көрсөтүлгөн дарек боюнча барганда 25-30 чамасында жигит колунда бычагы менен өз өмүрүн кыюу максатында жүргөндүгү аныкталган. Милициянын кайгуул кызматкерлери жигитти менен көпкө сүйлөшүп, тынчтандырып, Тез жардам келгенге чейин медициналык биринчи жардам көрсөтүшкөн.

Окуя болгон жерге Ленин РИИБдин ыкчам тергөө тобу чакыртылган.