Кой-Таш окуялары боюнча соттук териштирүүлөр эки айга узартылды

Кой-Таш окуялары боюнча соттук териштирүүлөр эки айга узартылды. Бул тууралуу экс-президент Алмазбек Атамбаевдин коомдук кеңешчиси Кундуз Жолдубаева соцтармактагы баракчасында билдирди.

Анын айтымында, бүгүн, 10-мартта Биринчи май райондук сотунун судьясы Азирет Медеров Кой-Таш окуялары боюнча жазык ишин териштирүүнүн мөөнөтүн 11-майга чейин узартуу жөнүндө чечимин кабыл алды. Ошондой эле айыпталуучулардын баш коргоо чарасы эки айга узартылды.

«Асель Кодуранова, Ирина Карамушкина, Кундуз Жолдубаева, Равшан Жеенбеков, Мээрбек Мискенбаев, Фархат Баабиев, Рыспек Карыпбек уулу, Нооруз Капарбек уулу, Канат Осмоналиев, Марат Шаменов жана Амангелди Какебаев үй камагында калышты. Фарид Ниязов менен Канат Сагымбаевдин баш коргоо чарасы 2020-жылдын 9-октябрь күнү Ала-Тоо аянтында болгон массалык башаламандыктар фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинде каралган. Фарид Ниязов 7-апрелге чейин камакта кармалат. Ушул эле мөөнөткө чейин Канат Сагымбаев үй камагында калат», — деп билдирди Жолдубаева.