Кой-Таш окуясы. Биринчи Май райондук сотунун алдында митинг өтүп жатат

Бишкекте Биринчи Май райондук сотунун алдында мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин тарапташтары чогулушту.

Бүгүн аталган райондук сотто Кой-Таш окуясы боюнча соттун кезектеги отуруму болот. Сот отурумуна Ирина Карамушкина, Фарид Ниязов, Раиса Атамбаева, Равшан Жээнбеков жана башкалар келишти.

Милиция плакаттарды алып кирүүгө тыюу салды. Тарапташтары Атамбаевдин ишин адилеттүү кароону талап кылышууда.