Кой-Таш окуясы боюнча соттук отурум 30-декабрга жылдырылды

Бүгүн Биринчи май райондук сотунда Кой-Таш окуясы боюнча соттук отурум уланып, ага үч аптадан бери биринчи жолу мурдагы президент Алмазбек Атамбаев алып келинди. Буга чейин аталган ишти кароо Атамбаевдин ден соолугуна байланыштуу жылдырылып жаткан эле.

«Атамбаев эч качан элге ден соолугу начар болуп жатканына даттанбайт. Бирок анын бүгүн ооруп турганы көрүнүп турду. Кан басымы төмөн, бел оорусу такай тынчын алат, коронавирустан улам бронхити өтүшүп кеткен. Бирок сот ал шарттарды эсепке албай, медиктердин кароосунда болгон 47-колониядан УКМКнын тергөө абагына которуп койгон», — деп жазды Кундуз Жолдубаева.

Отурумда судья Азирет Медеров айыпталуучулардын аты-жөнүн аныктоо керектигин билдирди. Бирок мурдагы президенттин жактоочусу Замир Жоошев дагы башка эки айыпталуучу Аскарбек Шадиев жана Албек Ибраимовсуз судья процессти баштай албай турганын айтты. Алмазбек Атамбаев да аты-жөнүн аныктоо боюнча судьянын суроолоруна жооп берүүдөн баш тартты. Прокурорлор Албек Ибраимовдун ишин өзүнчө өндүрүшкө бөлүүнү сурашып, судья ал өтүнүчтү канааттандырды. Кийинки соттук отурум 30-декабрга белгиленди.

Ноябрь айында сот Атамбаевдин үч ишин бириктирип кароо тууралуу чечим чыгарган. Алардын бири Кой-Таш окуясы боюнча, экинчиси Кой-Таштагы жер тилкесине байланыштуу, үчүнчү иш Атамбаевге жана мурдагы вице-премьер Аскарбек Шадиевге каршы козголгон маалым.