Кой-Таш окуясында жабыркаган милициянын полковниги Самат Курманкуловдун абалы жакшырып бара жатат

Кой-Таш окуясында жабыркаган милициянын полковниги Самат Курманкуловдун ден соолугу жакшырып, бирок дагы дарыланууга муктаж. Бул тууралуу жарандык активист Мелис Аспеков социалдык тармактагы баракчасына жазды.

Аспеков Курманкуловдун абалын сурап, ага жолугуп келгенин жарыялады. «Самат Курманкуловдун ден соолугу турукташып, жакшырып калыптыр. Мурдагы болгон окуялардын баары эсинде экен. Үй-бүлөсү тынч, жубайынын маанайы да жайдары», — деп жазган ал.

Самат Курманкулов өткөн жылдын август айында Кой-Таштагы окуяда оор жаракат алган. Жандандыруу бөлүмүнө түшкөн Курманкуловго Бишкекте эки ирет операция жасалган. Абалы жакшырбагандыктан дарылануусун улантуу үчүн аны Москва шаарында жайгашкан ооруканага алып кетишкен. Ал жактан ушул жылдын апрель айында кайтып келген.