«Койчу баладан» үлгү алдым». Кыргызстандык жигит казак блогеринин видеосунан улам ТикТок тарта баштады

Буга чейин өзүнүн видеолору менен ТикТок социалдык тармагын «жарып» жаткан казакстандык өспүрүм Тойбек Саят тууралуу маалымат чыккан. SuperTV телеканалы дал ошол блогер менен байланышып, маек да алганбыз. Көп өтпөй эле видеолорун дал ушундай өңүттө тарткан кыргыз жигитинин видеолору көп көрүүлөргө ээ боло баштады. Анын жашоосун чагылдырган 1 видеосун 700 миңден ашык адам көргөн.

СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттиги экөөнүн видеолорунун окшоштугу бул жөн гана дал келүүбү же ошол өспүрүмдүн видеолорунун тийгизген таасириби деген суроо менен Баяман Базарбаев менен байланыштык. Ал казак блогеринен үлгү алганын айтып, ал баланын режими жакканын айтты. «Анын видеосун көрүп, мен да ошондой кылгым келди», — деди ал.

«Мен 2004-жылы туулгам. ОшМУнун колледжинде 3-курста окуйм. Кесибим боюнча спортчумун. Араван районунун Гүлбар айылынан болом. Мен саат 5 же 5:30дарда турам. Бул менин өзүмдүн дисциплинам үчүн маанилүү. 5 маал намаз окуйм. Багымдат намазына чейин туруп, ага даярданышым керек болот. 7:30да маршрутка кетет. Ошого үлгүрүп калышым керек болот. Мен ал видеомду 700 миң киши көрөт деп ойлогон эмесмин. Бирок монтажы аябай жакшы болгон үчүн 20 миң киши көрөт деп ойлогом. Видеону мактануу үчүн эмес, мотивация берүү үчүн тартам. Ишти баштаган учурда видео тарта баштайм, анан өчүрөм, болбосо, кечке тартсам эс-тутуму жетпей калат. Ал эми видеону 20 мүнөттө монтаж кылам», — деди ал.