Көк бөрү: Оштогу башаламандыктан кийин 2 адам ооруканага жеткирилди

Оштогу башаламандыктан кийин 2 киши ооруканага жеткирилди. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Саламаттыкты сактоо министрлигинен тастыкташты.

Анын бирөө укук коргоо органынын кызматкери, экинчиси улакчы. Бирок оюнчу аттан кулап жаракат алганы айтылды. Бейтаптардын абалы туруктуу.

Окуя болгон жерде 100дөй киши медиктерге кайрылган. Тез жардам унаасынын айнектери талкаланган.

31-августта Ошто көк бөрү боюнча президенттин кубогуна болгон оюнду жогорку лигада “Ынтымак” жеңди. Финалдык беттеште “Ынтымак” менен “Достук” кез келип, эсеп сандар 2:1 менен “Ынтымактын” жеңиши менен аяктаган. Күбөлөр жазгандай, оюн массалык башаламандык менен аяктады. Күйөрмандар калыска нааразы болуп, оюн талаасына чуркап жөнөшкөн. Алдын ала маалыматтар боюнча алар калысты сабап салышкан.