Көк бөрү: “Ынтымак” жана “Достук” командаларынын кайрылуусу тарады

Көк бөрү боюнча “Ынтымак” жана “Достук” командаларынын кайрылуусу тарады. “Бүгүнкү оюндан кийин түшүнбөстүк болуп кетти. Күйөрмандардын айынан. “Ынтымак” менен “Достук” бирге”, — дешти улакчылар.

”Достук” командасынан Манас Ниязов бөлүнбөөгө чакырды. “Достук” күйөрмандарынын атынан кечирим сурайбыз. Ынтымагыбыз өсүп, жүрө берели”, — деди ал.

31-августта Ошто көк бөрү боюнча президенттин кубогуна болгон оюнду жогорку лигада “Ынтымак” жеңди. Финалдык беттеште “Ынтымак” менен “Достук” кез келип, эсеп сандар 2:1 менен “Ынтымактын” жеңиши менен аяктаган.

Күбөлөр жазгандай, оюн массалык башаламандык менен аяктады. Күйөрмандар калыска нааразы болуп, оюн талаасына чуркап жөнөшкөн. Алдын ала маалыматтар боюнча алар калысты сабап салышкан.