Көк-Таш айылынын тургуну: «Атышуулар, жардыруулар болуп жатат»

Баткендин Көк-Таш айылында кыргыздар тарапка ок атылып жатат. Бул тууралуу Сереп Медиа маалымат агенттигине аталган айылдын Райым аттуу тургуну билдирди.

«Атышып атат, жардырып атат, миномёттон атып жатат окшойт. Башка маалымат айта албайм», — деди ал.

Ал эми Көк-Таш айылынан түндө Миң-Булак айылына көчүрүлгөн жарандардын бири учурда айылда калган туугандары менен байланышууга мүмкүн болбой жатканын билдирди.

«Бизди түндө Көк-Таш айылынан Миң-Булак айылына көчүрүшкөн. Беш баламды, кайнене-кайнатамды алып, Миң-Булакка туугандардын үйүнө келдик. Азыр ал жакка кыргыздардын танкалары келип жатат деп уктук. Көк-Ташта туугандарыбыз калган эле. Чалсак, эч ким албай жатат. Эми бизди Миң-Булактан дагы көчүрөт экен деп атышат», — дейт Айзада Хамдамова.