«Кокустан болуп кетти». Түркияда Акылбек Жапаров ЖЭБдеги авариядан жабыркагандардан кабар алды

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Бишкек ЖЭБдеги авария жана аскердик тик учактын кулашынан жабыркаган төрт кыргызстандыктан кабар алды. Алар Түркиянын Адана шаарынын Мамлекеттик илимий ооруканасында дарыланууда.

Акылбек Жапаров Бишкек ЖЭБдеги авариядан жабыркагандар менен сүйлөштү. Министрлер кабинетинин төрагасы алар дарыланып жатканда үй-бүлөсүнө каралашып турарын айтты. «Кырсык деген кырсык экен. Кокустан болуп кетти», — деди жабыркагандардын бири. Анын айтымында, эки баласы жана кош бойлуу келинчеги бар. «Ата-энемдин жалгыз эркек баласымын. Үй-бүлөмдү багайын деп, жанталашып эки жумушта иштечүмүн», — деди ал.