Көл жактан кинодогудай унаа көрүп калсаңыз… Алар жарышка катышууга келишти

Өлкөдө 24-июндан 1-июлга чейин MadWay Rally эл аралык долбоорунун алкагында жарыш өтөт. Уюштуруучулардын маалыматына ылайык, 20дан ашуун унаа, мотоцикл жана багги Тянь-Шань тоолорунда 2 миң 500 чакырымдан турган аралыкта жарышка чыгат. Кыргызстандагы жарыштын эң татаал болору айтылып, катышуучуларды 4 миң метрге чейин жеткен бийиктиктеги тоолор, серпантиндер күтүп турат.

Бул жарышта катыша турган транспорттук каражаттар Mad Max: Fury Road («Акылсыз Макс: Каардуу жол») тасмасынын стилинде жасалгаланган. Жарыштын катышуучуларынын көбү ишкерлер. Буга чейин жарыштар Монголия, Байкал жана Алтайда өткөн.

Кыргызстандагы жарыш Чолпон-Атадагы ат майданда MadWay Fest музыкалык фестивалы менен жыйынтыкталат. Фестивалда Диана Арбенина («Ночные снайперы») жана Uma2rman тобу, JAX 02.14 жана DJ KISS чыгармачылыгын тартуулашат.