Көл жээгинен кийими табылып, өзү дайынсыз болуп жаткан жигит табылды

Ысык-Көлдө буюмдары көл жээктен табылган» 22 жаштагы жигит табылды. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

26-январга караган түнү, саат 01:00 чамасында издөөдө жүргөн 2001-жылы туулган жаран Бишкек шаарынан Булан-Сөгөттү айылына бара жаткан жеринен РИИБдин кызматкерлери тарабынан аман-эсен табылды.

Маалым болгондой 24-январь күнү Булан-Сөгөттү айылында жайгашкан пансионаттардын биринин жээгинде аталган жаранга таандык паспорт, кийимдери, сумкасы табылып, ӨКМдин суучулдары тарабынан көлдүн ичинде жана 21 куткаруучу, ИИМдин 19 кызматкери, Кумбел айыл өкмөтүнөн 5 адамдан турган топ көл жээгиндеги эс алуу үйлөрүнөн, менчик турак жайлардын ээлеринен сурамжылоо менен издөө иштерин жүргүзүшкөн.