Көл жээгинен табылган жаралуу ак куу “Бугу-Эне” зоопаркына берилди

Жети-Өгүз районуна караштуу Пристань айыл аймагынын көл жээгинен табылган жалгыз ак куу Каракол шаарындагы «Бугу-Эне» зоопаркына өткөрүп берилди. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБден билдиришти.

«Жети-Өгүз районунун имамы Ысык-Көл ОИИБдин туристтик-экологиялык милициясына кайрылып, учууга мүмкүнчүлүгү болбогон куш табылганын билдирген. Ак кууга кам көрүү үчүн Каракол шаарындагы “Бугу-Эне” зоопаркына өткөрүлүп берилди», — деп жазылат билдирүүдө.

«Бугу-Эне» зоопаркында канаттуунун жайлуу болушу жана калыбына келүү мүмкүнчүлүгү үчүн бардык шарттар түзүлгөн.