Кол менен саноо. Конституцияны шайлоочулардын 79 пайызы колдоду

Борбордук шайлоо комиссиясы Конституциянын жаңы долбоору боюнча референдумга берилген добуштарды кол менен саноонун жыйынтыгын чыгарды.

Маалыматка караганда, референдумга шайлоочулардын 36,17 пайызы катышты.

Конституциянын жаңы долбоору боюнча референдумга 79,09 пайыз шайлоочу “макул” добушун берсе, 13,83 пайыз шайлоочу “каршы” добушун берген.

Кыргызстанда Конституциянын жаңы долбоору 11-апрелде референдумга коюлду.