«Көлбаев менен сүрөткө түшкөндүгү үчүн». БШК дагы кандай себептер менен талапкерлерди каттоодон баш тартты

БШК Ильяс Амангазиевди Камчы Көлбаев менен түшкөн сүрөтү үчүн каттаган жок. Маалыматка ылайык, Амангазиев милицияга суракка чакырылып, кримтөбөл менен түшкөн сүрөттө өзү экенин тастыктаган. БШК эгерде адам уюшкан кылмыштуу же куралдуу топко тиешеси бар катары тизмеде турса, талапкер болуп каттала албай турганын эскертти.

Жумушчу топ Абдивали уулу Дамирбекти Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлерге коюлуучу мыйзамдардын талаптарына ылайык келбестигин аныктап, аны талапкер кылып каттоодон баш тартууну сунуштаган. Жумушчу топ билдиргендей, Абдивали уулу 2023-жылы 232күн, 2024-жылы 242 күн өлкө аймагынан сыртта жүргөн.

Үчүнчү талапкер Венера Койчиева болсо жалпы 455 күн өлкө аймагынан сыртта жүргөнү аныкталган.