Социалдык тармактын колдонуучусу Нургазы Мусаев видео жарыялап, көлдө өрүк чирип жатканын айтты.
«Айылдарда жаштар, кыз-кыркын, келин-кесек жокпу? Варенье, компот кайнатып алып, кышта сатса болбойбу? Жумушчу жалдап тердирсе бир киши 2000 сом алат экен. Тамагы менен 2500 сом. 4 киши жалдаган болсоң 10000 сом. Алардын терген өрүгү өзү 10000 сом болбой жатат»,- деп жазды ал.
Буга чейин Ысык-Көл районунун Чырпыкты айылынын тургундары президент Садыр Жапаровго кайрылуу жолдошкон. Алар өрүктүн баасы арзан болуп өтпөй жатканына нааразы болушкан.
Тургундар мамлекет башчысынан өрүктү кайра иштетүүчү ишканаларды курдуруусун же чет жакка экспорттоого шарт түзүп берүүсүн өтүнгөн. «Бир жыл бою күткөн өрүк бышкан маалда 15 сомдон да алган киши жок болуп атат. Экологиялык жактан таза өрүктөрүбүз баа болбой, жерде тебеленди болууда. Урматтуу Садыр Нургожоевич, Балыкчы же Чолпон-Ата шаарына компот, сок чыгарган завод салып берүүңүздү суранабыз. Ошондой эле чет мамлекеттерге экспорт кылуу маселесин чечип берүүңүздү өтүнөбүз», — деген айыл тургуну Адилет Жанаманов.