Колдон колго өтүп зордукталган өспүрүм кыз. Сүрөтчү Татьяна Зеленскаянын эмгеги

Белгилүү иллюстратор Татьяна Зеленская кезектеги эмгегин колдон колго өтүп зордукталган 13 жаштагы кыздын окуясы боюнча жаратты.

«Биздин өлкөдө балдар кордоло берсе, анда жакшы мезгил келбейт. Бул окуяда териштирүү жана жазага тартуу эл көзү үчүн катаал болушу керек. Зөөкүрлөрдү бир гана жаза алдындагы коркунуч токтото алат», — деп жазды сүрөтчү.