Ысык-Көлгө чөгүп кеткен 4 жаштагы кызга 12-августта жаназа окулду. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине кыздын атасы билдирди.
«Жума күнү мечитте жаназа-намаз окулду»,- деди ал.
Редакция ӨКМ менен байланышканыбызда, кызды издөө иштери токтотулганын билдиришти. 18-июль күнү Ысык-Көл районунда 4 жаштагы кыз сууга чөгүп кеткен. Ушул убакка чейин кыздын сөөгү табыла элек.