Колу чыканагынан кесилген ымыркайдын атасы: «Баланын өмүрүн сактап калуу үчүн колун кестиргенге туура келди»

Февраль айында Токтогулдагы дарыгерлердин шалаакылыгынан делген ымыркай колунан ажыраган. SuperTV телеканалына дал ошол ымыркайдын ата-энеси акыйкаттык издеп кайрылышты. «7 айдан бери ооруканада жүрөбүз. Балабыз колу кесилгенден бери дене табы түшпөй, суткалап уктабай, түнү менен ыйлап чыгат. Себебин да билбей жатышат. Сот иштери башталганы менен майып болуп калганына эч бир дарыгер күнөөсүн мойнуна ала элек» дешет алар.

«Бишкекке алып келдик. Дарыгерлер эртеси күнү эле колунда жан жок экенин айтып, кесүү керектигин билдиришти. Мен Бишкектеги ооруканага баланын өмүрүн сактап калуу үчүн доом жок деп жазып, колун кестирүүгө туура келди. Ошондон бери дене табы түшпөйт», — деди баланын атасы.