Колу чыканагынан ылдый кесилген наристенин бүгүнкү абалы кандай болуп калды?

Өткөн жылдын февраль айында милиция маалымат таратып, Токтогулда ымыркайдын колу чыканагынан ылдый кесилгенин, иш боюнча дарыгерлер сурак бергенин билдирген.

Бүгүн, 29-январда СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигини окуяга дээрлик 1 жыл болгонуна байланыштуу наристенин апасы менен байланышып, уулунан кабар алдык. «Абалы мурдагыдай эле болуп жатат. 3 күн болду ооруканадагы реанимациядан үйгө чыктык. Азыр уулум өзү тамак жей албайт. Зонд менен тамак беребиз. Менин башыма түшкөндү башкаларга каалабайм. Акыркы убакта ооруканага баттан каттап калдык. Ал эми соттук иш алдыга жылган жок. Сот чечими чыга элек. Отурум 8 жолу жылды. Буга дарыгерлердин кошумча экспертизага бергени себеп болду. Балам, өзүм да ооруп жаткандыктан соттук иштерге убактым болбой жатат», — деди ал.

Байланышууну каалагандар үчүн номур: 0508 099 737.