Колу кесилген ымыркай боюнча министрлик териштирүү баштады

Токтогулдагы дарыгерлердин шалаакылыгынын айынан жаңы төрөлгөн ымыркай колунан ажыраганы маалым болгон.

«Дарыгерлер жаңы төрөлгөн балага укол сала албай сыртына кетирип коюшуп, кайра кармап олтуруп алышып, акыры болбой калганда Бишкекке алып келишкен. Бишкектеги Жал кичи районундагы балдар ооруканасынын дарыгерлери урушуп, аргасыз бөбөктүн колун кесилгени маалым болду. Мындай учурда тиешелүү дарыгерлер жоопко тартылбаганы сындалууда», — деп айтылат маалыматта.

«Бул маселе боюнча Саламаттыкты сактоо министрлиги кызматтык иликтөө жүргүзүүдө. Бул маселе министрдин көзөмөлүндө. Анын жыйынтыгы менен кошумча маалымат берилет», — деп билдиришти министрликтен.