Колундагы телефонду чаап жиберген автобус айдоочусуна кандай жаза берилет?

№152 автобустун айдоочусу жүргүнчүнүн колундагы телефонун чаап жиберген. Бул тууралуу соцтармактарга видео тарады.  Видеонун авторунун айтымында, айдоочу жол киренин накталай төлөөнү талап кылган. «Аны тартып баштаганда телефонду колумдан түшүрө чапты», — деп жазган ал. 

Бишкек шаардык мэриясы Бишкек шаардык жүргүнчүлөрдү ташуучу автотранспорт ишканасына шилтеме берүү менен окуя боюнча үн катты. №152 автобустун айдоочусу жүргүнчүнүн колунан телефонун чаап жиберген айдоочу менен түшүндүрүү иштерин жүргүзүшкөн. Айдоочу линиядан чыгарылып, иш техникалык кеңештин кароосуна берилет.