«Коляскада отургандар басып». Бишкекте рейд жүрдү (видео)

Бишкекте 28-сентябрда милиция кызматкерлери “Кайырчы” рейди өткөрүштү.

Патрулдук милициядан билдиришкендей, жолдордо кайыр сурап жүргөн бул жарандар жол кыймылына тоскоолдук кылып, авариялык абалды жаратууда. 

Маалыматтарга караганда, кайырчылык менен алектенген 50дөн ашык адам милиция бөлүмүнө жеткирилип, алар менен профилактикалык сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп, каттоого алынган.

Жарыяланган видеодо майыптар коляскасында отурган эки киши автобуска өздөрү түшүп жатканын көрүүгө болот. Андан тышкары, кызматкердин «баскан кишини эмнеге коляскага отургуздуңар?» деп жатканын угууга болот.