Комитеттин депутаттары жаңы Салык кодексин үчүнчү окууда жактырышты

Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитеттин мүчөлөрү жаңы Салык кодексин үчүнчү окууда жактырышты. Мындай чечим бүгүн жыйында кабыл алынды.

Аталган комитеттин жетекчиси Салайдин Айдаров документ редакциялык өзгөртүүлөрдү эске алуу менен кабыл алынганын белгиледи. Белгиленген мөөнөттөн кийин келип түшкөн депутаттардын сунуштары эске алынбайт.