«Коңшулар менен кеткен деп ойлогом». Чек арада каза болгон 15 жаштагы Элзаданын атасы каргашалуу күндү эскерди

Тажикстандын кол салуусунан 15 жаштагы Элзада Маннанова каза болгон. Ал убагында үй-бүлөсү менен айылдан чыгып кете албай, жанынан жарылган снаряддан курман болгон. Бул тууралуу «Азаттык» жарыялады.

Каза болгон кыздын атасы Абдималик Жапаров каргашалуу күндү эскерди. «Жакын жерде эле ок атылды. «Баарыңар үйгө киргиле» деп бакырып, үйгө кирдик. Анан эле катары менен 4-5 жолу атылды. 1-2 мүнөттөй токтоп, кайра атылып турду. Кичине басаңдаган соң унаага чыгардым. Ошол учурда кызым жок экен. Издедим, үйдөн да тапкан жокмун. Мен кошуналар менен кеткен окшойт деп ойлодум. Анан адырга барган соң кимдин унаасында деп издей баштадым. Кошунабыз жүгүрүп келе жатты. «Сиздин кызыңызды кошуна үйгө киргизип койдук» деди. Мен таап келейин деп кайра келдим. Үйүнө кирсем жок. Бир көрпөчө дөмбөйүп туруптур. Ошол кызым экен. Алып кеттим. Тез жардам издедим, дарыгерлер жок. Милициянын унаасы турду, бирок ичинде киши жок экен», — дейт ал. Ал кызынын каза болгонун ошондо эле билгенин айтты.