Конституциялык сот жарандык активист Алтын Капалованын кайрылуусу боюнча түшүндүрмө берди. Буга чейин жарандык активисттин сот тарабынан апанын ысымын алууга уруксат берилгени тууралуу билдирүүсү жарыяланган болчу.
30-июнда Конституциялык сот Үй-бүлө кодексинин (63-берененин 2-бөлүгү) жана «Жарандык абалдын актылары жөнүндө» мыйзамынын (30-берененин 1-бөлүгүнүн экинчи абзацы, 3-бөлүгүнүн экинчи абзацы) айрым ченемдик жоболорунун конституциялуулугун текшерүү жөнүндө ишти карап чыгып, аларды Конституцияга карама-каршы келбейт деп тааныды. Кайрылуунун маңызы боюнча арыз ээси, энеге баласына атасынын атынын ордуна өз атын берүү, башкача айтканда энесинин атын колдонуу мүмкүнчүлүгүн берүүнү суранган.
Конституциялык сот ишти сот отурумунда карап, төмөнкүдөй жыйынтыктарга келди:
Жалпысынан биздин мыйзамда кыргыздын улуттук каада-салттары боюнча, ошондой эле өз атын, фамилиясын жана атасынын атын караган советтик калыптанып калган ат коюу системасы боюнча ат коюу мүмкүнчүлүгү каралган.
Кыргыздын улуттук каада-салты боюнча ат коюунун тартиби («уулу, кызы, тегин» деген жазуу менен) өзгөрүүсүз калганын белгилей кетүү зарыл.
Ошону менен бирге советтик система боюнча ата-эненин, анын ичинде эненин балага фамилиясын, атын жана атасынын атын берүү укугу баланын эң маанилүү кызыкчылыктарын көздөп анын өсүү, жагымдуу шарттагы социалдык чөйрөдө калыптануу укугу менен түздөн-түз байланышта турат.
Ушуга байланыштуу баланын укуктары ата-эненин укуктарына караганда артыкчылыктуу мааниге ээ жана мамлекеттин өзгөчө коргоосунда турат. Ал эми салттуу коомдо баланын өзүнүн энесинин атында болушу ага карата кемсинтүү жана кодулоонун ар кандай түрүнүн колдонулушуна алып келиши мүмкүн болгондуктан, арыз ээсинин өтүнүчү канааттандыруусуз калтырылды.
Бирок эрезеге жетип (Жарандык кодекстин 56-статьясына ылайык 18 жашка чыкканда), башкача айтканда турмушка объективдүү баа берип жана өз иш-аракеттери үчүн толук жоопкерчиликти алуу жөндөмүнө ээ болуп, тигил же бул себептерден, же болбосо башынан өткөн оор турмуштук трагедиялардан улам өзүнүн толук атынын элементи катары эркектин атын кабыл албаган жаран атасынын же энесинин атын тандоо укугуна ээ болушу керек. Каралган маселе калктын анчалык көп эмес бөлүгүнө гана тийиштүү болушу мүмкүн. Ошондуктан ушундай жагдайларга дуушар болгон жарандардын укуктарын теңдөө жана жыныстык белгиси боюнча басмырлоого бөгөт коюу максатында мыйзамдар кабыл алынган чечимде көрсөтүлгөн укуктук мүмкүнчүлүктөрдү камтууга тийиш.
Кабыл алынган чечим ат коюу менен байланышкан коомубуздун салттуу жана тарыхый негиздерин бузууга алып келбейт.